Акыл-эси жайындалык
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АКЫЛ-ЭСИ ЖАЙЫНДАЛЫК – кылмыш-жаза укугунда психикалык саламаттыгы жайында болгон адамдын абалы; өз аракеттери үчүн жооп берүүдөн жана аларды башкаруудан көрүнөт. А.-э. ж. күнөө коюунун жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун зарыл шарты болуп саналат. А.-э. ж. эгер соттук-психиатриялык экспертиза ага карама-каршы жыйынтык чыгарбаганда гана анык болот.